Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

НАТОнун жаңы баш катчысы Орусияны күнөөлөдү


НАТОнун жаңы баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын чыгышында ок атышпоо келишими “бул аймакка тынчтык орнотууга мүмкүнчүлүк берерин”, бирок бул Орусия кырдаалды чайкай албайт деген түшүнүккө келбесин билдирди. Столтенберг бүгүн Брюсселде Түндүк атлантикалык альянстын жаңы баш катчысы катары биринчи маалымат жыйынын өткөрдү. “Биз ок атышпоо келишими бузулуп жатканын көрүп, байкап жатабыз”, - деген баш катчы Орусия эл аралык укуктук нормаларды сактап, өзүнүн милдеттенмелерин аткаруусу керектигин айтты.

Норвегиянын мурдагы премьер-министри Йенс Столтенберг НАТОнун баш катчысы катары бүгүн, 1-октябрдан тарта иштей баштады. Ал Даниянын өкүлү, 55 жаштагы Андерс Фог Расмуссендин ордуна келди. Расмуссен НАТОнун баш катчысы болуп 2009-жылы дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG