Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Милиционерге кол көтөргөн 16 кытай жараны камакка алынды


Бишкекте милициянын аймактык тескөөчүсүн ур-токмокко алган 16 кытай жараны камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, кытай жарандарына Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, "бийлик өкүлүнө кол салуу” жана “бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү” беренелери боюнча иш козголду. Сейитов кошумчалагандай, милиционерге кол салган кытай жарандарынын баары мас абалында болгону аныкталды. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Бүгүн бул иш сотко жөнөтүлүп, мыйзам бузган кытайлыктардын баш коргоо чарасы каралмакчы.

30-сентябрда Бишкектин Ленин райондук милициясынын кызматкери атайын арыздын негизинде Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйгө барган. Ал үйгө коңшу имаратта иштеп жүргөн кытай жарандары аймактык тескөөчүнү сабап салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG