Шашылыш эскертүү:
4-5-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын күндүзгү температурасы 7…9° төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл-чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, энергетика, автотранспорт, байланыш түйүндөрүнүн ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат.
Аба ырайы:
3-октябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарында жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,
Баткен облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 18…20 градус жылуу болот.