Ирактын батышында 2-октябрда согушкер-жанкечтилердин чабуулунан 60тай киши набыт болду. Бул тууралуу Ирактын медицина кызматкерлери билдиришти. Бул күнү өкмөттүн көзөмөлүндөгү чакан Хит шаарчасында эки жанкечти полициялардын аймагына чабуул жасаган. Полковник Жаббар аль-Нимравдын айтымында, полиция жардыруу уюштурууга аракет кылган 20 согушкерди жок кылган. Бул учурда жети полиция кызматкери жана төрт жоокер каза болду.
Ушул эле күнү жанкечтилер Рамади шаарынан алыс эмес жердеги Ирак армиясынын штаб-квартирасына чабуул койгон. Анда 13 жанкечти набыт болуп, соңку атышууларда тогуз согушкер өлтүрүлдү. Алты аскер да каза болду. (КЕ)