Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлашты. Мекеменин маалымат катчысы Анарбек Абазбеков электр энергиясын жылуулукка колдонууну чектөө боюнча өкмөт токтомуна өзгөртүү кириши мүмкүн деп билдирди:
- Өкмөт токтомунда электр энергиясын 3 фазада жылуулук үчүн колдонгон мектеп, бала бакчалар да өчүрүлсүн деп жазылып калган. Бирок аталган чектөөнү мектеп менен бала бакчадан алып салуу каралып жатат. Анткени билим берүү мекемелеринин иши үзгүлтүккө учурабашы керек.
Экотехинспекция Энергетика министрлиги менен бирге буга чейин 13 миңге жакын абоненттин электр мештерин өчүргөн. 4-сентябрда чыккан өкмөт токтомуна ылайык, электр энергиясын жылуулук үчүн 3 фазада колдонууга тыюу салынган.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча электр энергиясын 3 фазада колдонгондордун саны 125 миңден ашат. Алардын 80 миңге жакыны үйлөрүндө электр мештерин колдонот. Өкмөт быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан электр энергиясына чектөөлөрдү киргизген. (UEz)