Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Жаштардын "Бейне" көргөзмөсү кырктай маданий ишмердин портретин коет


Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында бүгүндөн тарта “Бейне” аттуу көргөзмө башталат. Бул тууралуу аталган долбоордун автору Тынчтыкбек Кожобеков билдирди. Анын айтымында 20га жакын жаш сүрөтчү 40тан ашык Кыргызстандын маданий ишмерлеринин портреттерин тарткан.

- Көргөзмөгө портрет, живопись жана скульптура жанрындагы чыгармалар коюлат. Сүрөтчүлөр каармандарды өздөрү тандашты. Каармандардын арасында эстрада ырчысы Анжеликадан баштап, залкар маданий ишмерлерге чейинки атактуулар бар. “Бейненин” башкы максаты белгилүү адамдар аркылуу элди музейге, сүрөтчүлүк өнөргө тартып, алардын кызыгуусун арттыруу.

Көргөзмө 15 күнгө созулат. Кирүү акысыз. (UEz)

XS
SM
MD
LG