Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Президент коррупцияга каршы күрөш токтобойт деп ишендирди


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев борбордогу №71 жетим жана кароосуз калган балдар мектебине барган учурунда айтты. Президенттин айтымында, өлкөдө жемкордукка каршы күрөш толугу менен жүрүп жатат:

- Коррупцияга каршы күрөш токтоп калат дегендерге мен эч качан андай болбойт деп эскертким келет. Ким уурдаса, ал жазасын алат. Бирок айрым учурда соттор туура эмес чечим чыгарган учурлар болууда. Биз бул маселелерди сот реформасын жүргүзүү учурунда эске алабыз, - деди Атамбаев.

Президент аталган мектепке мугалимдер күнүн белгилөө алкагында барды.

Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгендеги эң башкы максаттарынын бири коррупцияга каршы күрөш экенин жарыялап, бул маселени эки ирет Коргоо кеңешинин жыйынына алып чыккан. Анда президент өлкөдөгү жемкордукка күрөштө аёо болбой турганын эскерткен. Бирок оппозиция бийликтин бул күрөшүн тандалма жол менен жүрүүдө деп сыпаттап, өлкө башчы өз айланасындагылардын былыктарына көз жуумп жатат деп сындап келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG