Австралия АКШ башында турган эл аралык коалициялык күчтөргө кошулуп, “Ислам мамлекети” радикал тобунун Ирактын түндүгүндөгү турумдарына абадан сокку урууга даяр экенин тастыктады. Аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук маселелер боюнча комитети Багдадын расмий кайрылуусунан соң операцияларга катышуу чечимине келгенин билдирди. Австралия премьер-министри Тонни Эббот Ирактагы миссиясы узакка созулушу ыктымалдын 3-октябрда билдирди. “Сөз бир нече жума эмес, бир канча ай тууралуу болуп жатат”, - деди ал. (КЕ)