Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ниязов «Вечерний Бишкектин» айыптоосун четке какты


Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Ал “Вечерний Бишкек” жазып чыккан айыптоолорду акылга сыйбаган жалаа деп сыпаттады:

- Бул айыптоо абсурд. Гезит жазып чыккан адамдар менен менин эч кандай байланышым жок. Мен мүлк бөлүштүрүү иштери жакшылыкка алып келбесин билем. Ал эми “Вечерний Бишкектин” кожоюндарына окуяны көбүртүп-жабыртпай, маселени сот аркылуу чечүүгө чакырам, -деди Ниязов.

Бүгүн “Вечерний Бишкек” гезити басылманы рейдерлик жол менен тартып алганы жатат деп президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду айыптап чыккан. Гезиттин жүйөсүндө, Ниязов гезиттин мурдагы кызматкерлерин чогултуп, гезитти өз көзөмөлүнө алууга аракет кылууда.

Буга чейин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG