Эбола вирусун жуктуруп алган угандалык дарыгер 3-октябрда Батыш Африкадагы Сьерра-Леон республикасынан Германияга алынып келди. Ал аталган өлкөдө гуманитардык миссиянын катарында кызмат кылганы айтылууда. Дарыгер Университеттин алдындагы клиникага жаткырылды.
Маалыматка ылайык, Гвинея, Сьерра-Леон жана Либерияда бери дегенде 3300 киши Эбола вирусун жуктурган. АКШ бул илдет дүйнө жүзүнө тарашы мүмкүн деп кооптонууда.
АКШ бийлиги эпидемияга кабылгандарды изоляциялоо жана дарылоого көмөк көрсөтүү максатында Батыш Африкага 3000дей аскер кызматчысын жөнөтмөкчү.
1-октябрда АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору өлкө аймагында эбола илдетин жуктуруп алган алгачкы адам табылганын тастыктаган. (КЕ)