Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Белгилүүлөр бейнеси көргөзмөдө

Семён Чуйков атындагы cүрөтчүлөр союзунун галереясында 3-октябрдан тарта “Бейне” аттуу көргөзмө башталды. 18 жаш сүрөтчү 40тан ашык Кыргызстандын маданий ишмерлеринин портреттерин жараткан. Көргөзмөгө портрет, живопись жана скульптура жанрындагы чыгармалар коюлду. Сүрөтчүлөр каармандарды өздөрү тандаган. “Бейненин” башкы максаты белгилүү адамдар аркылуу элди музейге, сүрөтчүлүк өнөргө тартып, алардын кызыгуусун арттыруу. Көргөзмө эки жумага созулат. Кирүү акысыз.

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG