Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Швеция Палестинаны мамлекет катары тааныганы жатат


Швециянын жаңы өкмөтү Палестина автономиясын мамлекет катары таанууну мерчемдөөдө. Бул жөнүндө оңчул өкмөттүн башчысы Стефан Лофвен 3-октябрда швед парламентиндеги инагурация учурунда жарыялады.

Лофвендин айтымында, Палестина жана Израил арасындагы чатак “эл аралык мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн эки мамлекет сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында гана чечилиши ыктымал”.

Швеция бул кадамга барса, Палестинаны мамлекет деп тааныган Европа Биримдигине мүчө биринчи өлкө болот.

Евробиримдиктин бир катар мүчөлөрү, Польша, Мажарстан жана Словакия Палестинаны мамлекет деп тааныган. Бирок ал мезгилде аталган үч мамлекет Биримдикке мүчө болуп өтө элек эле. Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Палестинаны мамлекет деп, де-факто 2012-жылы тааныган.

Палестиндер Иордан дарыясынын батыш бөлүгү (Батыш Иордан) менен Газада борбору Чыгыш Иерусалим болгон төбөлсүз мамлекет курууну каалайт.

XS
SM
MD
LG