Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Украин аскерлери орусиячыл жикчилерди ок чыгарды деп айыптоодо


Украин армиясы орусиячыл жикчилерди ок атышпоо келишимин бузуп жатат деп айыптоодо. Куралдуу күчтөрдүн маалымат катчысы Володимир Польовыйдын айтымында, 5-октябрда 24 саат ичинде өкмөттүк күчтөр аткылоого туш болгондо 2 жоокер окко учту.

Донецк шаарында жикчилердин лидери Эдуард Басулин аэропорттун айланасындагы кармашта 3 козголоңчу набыт кеткенин билдирди. Согушкерлер бир нече аптадан бери куралдуу күчтөрдү аэропорттон алыстатууга аракеттенишүүдө.

Аба майданындагы заманбап тилке транспорт учактарды кабыл алууга кудуреттүү. Украин президенти Петр Порошенко 5-сентябрда жетишилген ок атышпоо келишимин өлкө чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планынын негизги бөлүгү деп атаган.

XS
SM
MD
LG