Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Режиссер Юрий Любимов дүйнө салды


Советтик жана орусиялык даңазалуу режиссер Юрий Любимов менен коштошуу шаршембиде Вахтангов атындагы театрда өтөт.

Таганкадагы театрдын чыгармачыл жетекчиси жекшембиде Москвада 97 жаш курагында көз жумган. 2-октябрда Любимов жүрөк оорусу менен бейтапканага жаткырылган.

Маркум 1917-жылы Ярославль шаарында төрөлгөн. Көп узабай үй-бүлөсү Москвага көчөт. 1964-жылы Таганкадагы театрды негиздейт.

1984-жылы чет өлкөдө жүргөн кезинде Батыш журналисттерине маек кургандан кийин театрдагы жетекчиликтен бошотулуп, советтик жарандыгынан ажыратылат.

Сүргүндөгү жылдары Британия, Австрия, Италия, Германия, Франция, АКШнын театрлары менен кызматташат. 1988-жылы мекенине кайтып келген. Любимовго СССРдин паспорту кайтарылып, Таганкадагы театрды кайрадан жетектей баштайт. Бирок 2011-жылы труппа менен талаштан кийин кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG