Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Чет өлкөлүк режиссерлор студенттерге мастер-сабактарды өтөт


Эртең Австрия, Польша жана башка ондогон өлкөлөрдөн келген даректүү тасмаларды тарткан режиссерлор Бишкектеги жогорку окуу жайларда билим алган студенттерге сабак өтүшөт. “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалынын алкагында Бишкекке келген режиссерлор студенттер менен адам укуктары, маданият жана тасмалар тууралуу баарлашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фестивалдын уюштуруучусу Төлөйкан Исмаилова билдирди.

7-октябрдан тарта Бишкекте адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” – даректүү тасмалардын сегизинчи эл аралык фестивалы башталат. Быйылкы иш-чарада да адаттагыдай чет элдик жана улуттук тасмалар кошулуп, жыйырмадай фильм көрсөтүлөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG