Өткөн аптада КМШнын Минск шаарындагы баш кеңсесинде Шериктештиктин туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйыны өтүп, анда Кыргызстан кийинки жылы КМШ тең төрагалык кыла турганы чечилди. Мындан тышкары Кыргызстан 2015-жылдын 3-апрелинде Ош шаарында КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынын өткөрүүгө макулдугун берди.
Минскиде өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Беларустагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү Талант Султанов катышты.
Кабарларга караганда, 21-ноябрда Ашхабад шаарында Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынга чогулат. Анда соода саясаты, коопсуздук, гуманитардык жана социалдык багыттагы 18 маселе каралат. (ZMa)