Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Гонконгдо демонстранттар тосмолорду алууга макул болушту


Гонконгдо мамлекеттик кызматчылар ишке чыга алышы үчүн демонстранттар администрациянын алдында орноткон тосмолорду алууга макул болушту.

Бүгүн полиция көчөлөрдү демонстранттардан бошотуу үчүн зарыл болгон чараларды көрө турганын эскертти. Гонконгдогу массалык нааразылык акциялардын башында турган Студенттер федерациясы бийлик менен саясий реформалар тууралуу сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдиришти.

Жекшембиге караган түнү Гонконгдо демонстранттар менен тартип коргоо органдары ортосунда кагылышуулар орун алып, полиция активисттерге таяк жана газ колдонгон.

Демонстранттар сентябрдын этегинен бери саясий реформаларды талап кылып, массалык митингдерди өткөрүп келатышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG