Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн айыл чарба министрликтери ортосунда бул маселе боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Анда өлкөдөгү санитардык-ветеринардык шарттарды Орусиянын талабына шайкеш келтирүү боюнча сөздөр болууда. Бул иштер бүткөн соң Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын экспорттоо башталмакчы.
"Бул иштер жакын арада ишке ашат деп үмүттөнүп жатабыз", - деди Ибраев.
Орусия бир катар батыш өлкөлөрүнөн кирчү айыл чарба азыктарына чектөө койгондон кийин кыргыз өкмөтү аталган товарларды Кыргызстандан жөнөтүү ниетин билдирген. Ага ылайык, жылына 200 тонна жашылча-жемиш жана 50 тонна эт азыктарын Орусияга экспорттоого мүмкүнчүлүк бар экенин айткан. Кыргызстан учурда тышка эт азыктарын чыгара албайт. Коңшу өлкөлөргө мал тирүүлөй гана чыгарылат. Орусия жана Казакстан мал ылаңынын көбөйүшүнөн улам Кыргызстандын эт азыктарын 2009-жылдан бери өлкөсүнө киргизбейт.(BkA)