Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Жыргалаң шахтасында эки куткаруучу газга ууланып мерт кетти


Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасын текшерүү учурунда газга ууланып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки куткаруучусу каза болду. Дагы экөө жараат алды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 5-октябрда министрликтин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын төрт куткаруучусу шахтаны текшерүү үчүн барышкан. Текшерүү учурунда шахтанын ичинен 40 метр тереңдикке кулап кетип, натыйжада 40 жаштагы Нурлан Шамилов жана 24 жаштагы Каныбек Байсынов каза болуп, 23 жаштагы Эрмек Жалманбетов жана 24 жаштагы Мирбек Калканов газга ууланып жабыркаган. Каза болгондор Ысык-Көл облусунун маркумдарды сактоочу жайга, жабыркагандар Ак-Суу райондук аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда кырсык боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG