Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Милицияны сабаган кытай жарандары эки айга камалды


Бишкекте милициянын аймактык тескөөчүсүн ур-токмокко алган 10 кытай жараны камакка алынды. Мындай чечимди борбордун Ленин райондук соту кабыл алды. Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” кабарлагандай, кытай жарандарына Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, "бийлик өкүлүнө кол салуу” жана “бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү” беренелери боюнча иш козголгон. Алар бир ай Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалмакчы. Ал эми мушташка катышкан алты жаран үч күн кармалып, кое берилди.

30-сентябрда Бишкектин Ленин райондук милициясынын кызматкери атайын арыздын негизинде Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйгө барган. Ал үйгө коңшу имаратта иштеп жүргөн кытай жарандары аймактык тескөөчүнү сабап салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG