Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Өзбекстан Чек ара кызматына көмөкчү коомдук топторду түзүүдө


“Чек ара кошуундары” деп аталган коомдук топтор Өзбекстан Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына көмөк көрсөтүү үчүн түзүлүп жатканы расмий маалымдалды.

30-сентябрда өзбек өкмөтү анын жобосун бекиткен.

Ага ылайык, көмөкчү кошуундар Чек ара кызматына тиешелүү бардык чек ара тилкелеринде иш алып барат. Ыктыярдуу шартта тандалып алынган кошуун мүчөлөрү акысыз иштеп бериши шарт. Алардын негизги милдеттеринин бири- чек ара тилкелериндеги мыйзамсыз фактыларды аскерлерге кабарлап туруу. Ошондой эле алар чек арадагы аткезчилик боюнча Бажы кызматына маалымат берип турушмакчы.Ондон ашуун пункттан турган жободо “Чек ара кошуундарынын” ичинен өзүн мыкты көрсөткөндөргө атайын аскерий жабдуулар жана сыйлыктар берилери жазылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы толук тактала элек. Эки өлкө ортосундагы өкмөттүк келишимде көрсөтүлгөн 15 чек ара бекети бар. Бирок жарандар өтчү бекеттердин дээрлик баарына Өзбекстан бир тараптуу чектөө киргизген. Чек арага жакын өзбек облустарынын дээрлик көпчүлүгү азык түлүк, буюмдарды Кыргызстандагы базарлардан мыйзамсыз жолдор менен алып киришет.

XS
SM
MD
LG