АКШ Мамлекеттик департаменти билдиргендей, Киевде бүгүн Мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланд сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ал украин бийликтери менен АКШнын реформаларга жардам берүү боюнча милдеттемесин жана Чыгыш Украинадагы абалды талкуулайт.
Нуланддын визити орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк аскерлер ортосунда ок атышууну токтотуу макулдашуусу бузулганы боюнча жаңы маалыматтар түшүп жаткан учурга туш келди.
Украин тараптын айтымында, акыркы 24 саат ичинде эки жоокер мерт болуп, өкмөттүк күчтөр бир нече жерде аткылоого кабылышты.
Соңку бир сутка ичинде Донецкте аэропорттун айланасындагы уруштарда үч жоокерин жоготконун жикчилдердин лидерлери да билдиришти.
Донецкте орусиячыл жикчилдер бир нече аптадан бери аэропортту украин аскерлеринен алууга аракеттенүүдө.