Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Бүгүн жылдын мыкты мугалимин аныктоо үчүн сынак башталат


Сынак Улуттук компьютердик гимназияда өтөт. Ага шаардык, облустук сынактарда жеңип чыккан мугалимдер катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Амантур Ахматов билдирди.

- Финалга чыккандар эки күн бою күч сынашат. Жюри ким мыкты болгонун аныктап, орундарды ыйгарат. Жалпы байге фонду 832 миң сомду түзөт.

Амантур Ахматов сынак үч номинацияда өтө турганын кошумчалады. Алар: “Жылдын мыкты мугалими”, “Мыкты мектеп” жана “Мыкты бала бакча”.

Жыйынтык 9-октябрда чыгарылат жана ушул эле күнү жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

Болжолдуу маалыматтар боюнча Кыргызстанда 75 миңге жакын мугалим бар. Ошол эле кезде мектептерге 2476 мугалим жетишпейт. Ушул тапта эң көп башталгыч класстар мугалимге муктаж. 4-класска чейинки окуучуларга 506 мугалим жетишпейт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG