Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Шахтадагы кырсыктын себептерин биргелешкен комиссия иликтейт


Ысык-Көлдөгү Жыргалаң шахтасындагы кырсыкты иликтөө үчүн түзүлгөн биргелешкен комиссиянын курамына Мамлекеттик тоо техникалык көзөмөлдүн, Шахтерлор кесиптик кошуунунун өкүлдөрү кирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик башкармалыгынын жетекчиси Мухтар Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында, адистер жер алдында кырсыкка эмне себеп болгонун аныкташмакчы.

Мухтар Бейшенбаев кырсыктан кийин Ак-Суу райондук аймактык ооруканасына газга ууланып жаткырылган куткаруучулар менен жолугуп келгенин, учурда алардын абалы дурус экенин кошумчалады.

5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын төрт куткаруучусу шахтаны текшерүү үчүн барышкан. Текшерүү учурунда шахтанын ичинен 40 метр тереңдикке кулап кетип, натыйжада 40 жаштагы Нурлан Шамилов жана 24 жаштагы Каныбек Байсынов каза болуп, 23 жаштагы Эрмек Жалманбетов жана 24 жаштагы Мирбек Калканов газга ууланган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG