Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Түндүк жана Түштүк Кореянын аскер-деңиз күчтөрү атышты


Сеулдун өкүлдөрү Түндүк Кореянын кемеси деңиз үстүндөгү талаштуу аймакты кесип өтүп кеткендиктен жана жооп иретинде ок атууга аргасыз болгонун айтып чыкты. Атышуу 7-октябрда Сары деңизде орун алган. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

Бул окуя Түштүк жана Түндүк Корея жогорку деңгээлдеги расмий сүйлөшүүлөрдү жаңылоо боюнча жаңы эле макулдашкан учурга туш келүүдө. Эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр ушул жылдын февралында чек аралаш аймактардагы жаңжалдардан кийин токтоп калган.

Сеул менен Пхеньяндын ортосунда өткөн кылымдын элүүнчү жылдарында Корей жарым аралында болгон согуштан бери тынчтык келишимине кол коюла элек.(КЕ)

XS
SM
MD
LG