Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Түркия: демонстранттар менен полиция кагылышты


Түркиянын бир нече шаарында өкмөттү «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлерине каршы чара көрбөй жатат деп нааразы болгон күрт демонстранттар менен полиция кагылышты. Полиция суу жана көздөн жаш агызчу газ колдонууга аргасыз болду. Нааразылыкка чыккандардын толкуну Стамбул, Диярбакыр, Батман жана Мардинге чейин жетип, Күрт жумушчулар партиясы башкаларды да көчөгө чыгууга чакырды. Демонстранттар «Ислам мамлекети» тобу ээлеп алган Кобани шаарын коргоо үчүн чара көрүүнү Европа биримдигинен талап кылышты.

Бүгүн эртең менен “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Түркия менен чек арадагы сириялык Кобани шаарынын чыгышындагы бир катар стратегиялык объекттерин ээлеп алышканы кабарланган. Жүздөгөн жергиликтүү жашоочулар Түркияга качып келишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG