Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Парламент Максүтовдун талапкерлигин карап жатат


Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы жыйында Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин карап жатат. Максүтовдун талапкерлиги кечээ Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде каралып, жактырылган.

Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин процедура боюнча өкмөт башчысы колдоп, парламент бекитет. 42 жаштагы Максүтов буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда көркөм жетекчи болуп иштеп келген. Ал коомчулукка эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалынын, “Макал Арт” чыгармачыл тобунун уюштуруучусу жана жакында өткөн “Көчмөндөр оюнунун” башкы режиссеру катары белгилүү. Мурдагы министр Камила Талиева 16-сентябрда кызматтан алынган.(UEz)

XS
SM
MD
LG