Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Талант Исаев “KG” номурлуу депутаттарды тартипке чакырды


Кызматтык автоунааларга берилген мамлекеттик номурлар депутаттардын балдарына, туугандарына, досторуна тарап кетти. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик номурлар көрүнгөн унаага тагылып, жол кырсыктарына себеп болуп жатат.

- Депутаттар башкаларды сындагандан мурда өздөрү тартипти сакташы керек. Анткени аларга берилген “KG” номурларды депутаттардын достору, жакындары тагынып жүрөт. Мен муну парламентте да айтып бере алам, - деди Исаев.

Мамлекеттик жогорку кызматтагылардын жана парламент депутаттарынын кызматтык унааларына “KG” номурлар берилген. Аталган мамлекеттик номурларды башка унааларга тагууга тыюу салынат. (UEz)

XS
SM
MD
LG