Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Жалал-Абад: "Кыргыз петролеумдун" кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты


Бүгүн, "Кыргызнефтегаз" ишканасына таандык Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз петролеум” ишканасынын 200гө чукул кызматкери мекеме имаратында нааразылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу ишкана башчысынын орун басары Муктар Артыкбаев "Азаттыкка" билдирди.

- 2009-жылы салык кызматы тарабынан ишканага негизсиз эле Максим Бакиевдин үстөмдүгү менен кошумча салык киргизилген. Кийинчерээк 2012-жылы инвестициялык келишимге өзгөртүү киргизилип, эски жылдардагы акциздик салык алынып салынып, өкмөттүн токтомуна ылайык 2012-жылдын 1-январынан жаңыдан салык төлөө башталган. Бирок азыркы күнгө чейин өкмөттүн токтому аткарылбай, салык кызматы 123 млн. сомдук эски акциздик салыктарды доолап келатат,- деди Артыкбаев.

Чогулгандар өкмөттүн токтомунун аткарылышын камсыздоону жана аны аткарбай жаткан салык кызматынын төрагасынын эки орун басарларын жумуштан кетирүүнү айтышып, президент жана өкмөт башчысына кайрылуу жолдошту.

"Кыргыз петролеум" ишканасы канадалык ишкерлер менен биргеликте 1995-жылы түзүлүп, 2012-жылдын ноябрь айынан тартып толугу менен “Кыргызнефтегаз” ишканасынын карамагына өткөн.(RsK)

XS
SM
MD
LG