АКШ башында турган коалициялык күчтөр «Ислам мамлекети» радикал тобунун Кобанидеги турумдарына сокку урууну улантууда. Согушкерлер айрым аймактардагы позицияларынан чегинди. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобунун белгилешинче, «Ислам мамлекети» тобунун мүчөлөрү Кобанинин Түркия менен чектеш түштүк-чыгыш тарабында согушууда. Бирок алар шаардын батыш ыптасынан чыгарылды.
7-октябрда «Ислам мамлекети» уюмунун согушкерлери Түркия менен чек арадагы сириялык Кобани шаарынын чыгышындагы бир катар стратегиялык объекттерди ээлеп алганы кабарланган. Жүздөгөн жергиликтүү жашоочулар Түркияга качып өтүшкөн. (КЕ)