Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Кобанини коргоого чакырды


Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча жаңы чабарманы Стаффан де Мистура эл аралык коомчулукту Кобани шаарынын жашоочуларын колдоого чакырды. Ал калаа экстремисттердин колуна өтүп кетсе «дүйнө катуу өкүнүп калаарын» эскертти.

АКШ башында турган коалициялык күчтөр «Ислам мамлекети» радикал тобунун Кобанидеги турумдарына сокку урууну улантууда. Согушкерлер айрым аймактардагы позицияларынан чегингенин Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобу билдирди.

Түркияда бул күндөрү күрт демонстранттардын нааразылык акциялары өтүп жатат. Алар өкмөттү «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлерине жооп кайтарууну талап кылышууда. 7-октябрдагы демонстранттар менен полициянын кагылышында кеминде 14 киши каза болгону, ондогон адамдар жараат алганы айтылды.

АКШ баш катчысы Жон Керри Түркия өкмөт башчысы Ахмед Даудоглунун «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөшүү операцияларына кошулуу маселесин талкуулоого чакырды.

7-октябрда Канада парламенти согушкерлерге каршы күрөшүү операцияларына катышуу боюнча премьер-министр Стивен Харпердин демилгесин колдоп берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG