Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Көлдө эки жаш баласы менен кулчулукта жүргөн үй-бүлө аныкталды


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Курбу айылында эки жаш баласы менен беш жылдан бери кулчулукта жүргөн токмоктук аял жардамга муктаж. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоо бирлигинин өкүлү Анна Макарова “Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Шары Раимбекова аттуу жергиликтүү жаран Татьяна Савельева жана Анатолий Данилов аттуу токмоктук үй-бүлөнү беш жана жети жаштагы балдары менен беш жыл бою кулчулукта кармаган.

Учурда бул факт боюнча облустук милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев да аталган аймакка бул окуянын чын-бышыгын териштирүү үчүн өз өкүлүн жөнөткөнүн билдирди. (UEz)

XS
SM
MD
LG