Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Ирактын аскер-аба күчтөрү экинчи тик учагынан ажырады


Байжи шаарынын мунай иштетүүчү заводуна жакын жерде Ирактын аскерий М-35 тик учагы «Ислам мамлекети» радикал тобу тарабынан атып түшүрүлдү. Андагы эки учкуч каза болду. Бул тууралуу Багдаддын расмий өкүлү билдирди. Бул «Ислам мамлекети» тобу атып түшүргөн экинчи тик учак болууда.

3-октябрда ушул аймакта тик учак атып түшүрүлүп, андагы эки учкуч согушкерлердин колунан өлгөн.

Байжи Багдаддан түндүктү карай 200 чакырым алыс жайгашкан шаар. Ирактын коопсуздук күчтөрү Байжидеги ири мунай иштетүүчү заводду өз көзөмөлүнө алса дагы шаарда өкмөттүк күчтөр менен «Ирак жана Леванттагы ислам кыймылы» радикалдык тобунун куралдуу кармашы уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG