Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Сириянын Кобани шаарында уруш күчөдү


АКШ баштаган коалициянын аба соккуларынан кийин Сириянын Кобани шаарында уруш күчөдү. АКШ армиясы алар баштаган коалиция "Ислам мамлекети" тобунун Кобанин шаарынын айланасындагы турумдарына абадан сокку урууну тездеткенин ырастады. Борбордук командачылык билдиргендей, кечээтен бери алты ирет жасалган чабуулдан "Ислам мамлекети" тобунун "аскерий унаалары жана техникалары" талкаланган.

Кобани - Сириянын Түркия чек арасына жакын жайгашкан шаары. Жеринен түшкөн кабарларга караганда, согушкерлер камалоодо турган бул шаардын батыш ыптасындагы турумдарын өткөн түнү таштап кеткен, бирок чыгышы менен түштүк -чыгыш ыптасында уруштар уланууда.

Сириялык күрддөр кыймылынын жолбашчыларынын бири Салих Муслим "Азаттыктын" ирак кызматына кабарлаганына караганда, АКШ баштаган коалициянын аба соккусу "Ислам мамлекети" тобунун "танктарын талкалагандан" кийин шаардын көчөлөрүндө бет-бет айгышкан уруштар жүрдү.

Салих Муслим аба соккулары Кобанинин коргоочуларына жардам бергенин жана дагы улантылышы керектигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG