Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Кар көчкү жүрүшү мүмкүн


Акыркы эки күндүн ичинде абанын температурасы кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөрү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” кабарлашынча, республиканын аймактарында түнкүсүн 5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай аба ырайы 10-октябрга чейин созулат.

- Үшүк жыйналбаган жер-жемиштерге, жабылбай калган картөшкө, кант кызылчасы үчүн өтө коркунучтуу. Андан сырткары жайыттарда малга да кесепетин тийгизет. Ошондой эле унаа жолдорундагы кыймылдын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырат.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, октябрь айы жаанчыл болот. Бул айда жаан-чачын нормадан көбүрөөк болору күтүлүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG