Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Жалал-Абадда “Кыймыл 33” эл агартуу акциясы өтүүдө


Шаардын борбордук көчөлөрүндө жана базарларында жашоочуларга өз укуктарын билүүгө арналган баракчалар таркатылып, акысыз кеңештер берилип жатат. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири “Прецедент” өнөктөштүк тобунун юристи Жанабил Давлетбаев “Азаттыкка” билдирди.

- Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жетүүгө болгон жарандардын укугун камсыздоо максатында айыл өкмөттөрдөгү медиа борборлор менен ушул иш чараны уюштуруудабыз. Конституциянын 33-беренесинде да жарандардын маалыматка ээ болуу укуктары кеңири жазылган, - деди Давлетбаев.

Кечээ ушул эле акция Баткен облусунда өткөн, алдыдагы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында уланат.(RsK)

XS
SM
MD
LG