Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Түркия өз алдынча согушкерлерге каршы кургактан чабуул жасабайт


Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Анкарада жолуккандан кийин билдирди. Ал “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы өз алдынча жерден операция жүргүзүү “реалдуу эмес” деп баалады. Мындан сырткары Түркия АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөрдүн абадан сокку уруу операцияларын, коопсуз жана учууга тыюу салган аймактарды түзүү идеясын колдой турганын кошумчалады. Бирок согушкерлерди ушул жол менен эле талкалоо мүмкүн эместигин, башка жолдор да каралышы зарылдыгын айтты.

Ушул күндөрү Сириянын Түркияга чектеш Кобани шаарында уруш күчөп жатат. Жеринен түшкөн кабарларга караганда, согушкерлер камалоодо турган бул шаардын батыш ыптасындагы турумдарын өткөн түнү таштап кеткен, бирок чыгышы менен түштүк - чыгыш ыптасында уруштар уланууда. Мындан улам жүздөгөн шаар тургундары кошуна Түркияга качып өтүштү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG