Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Аба ырайы


10-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соокон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 10-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар жана жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-5, күндүз 8...13,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3...-5, күндүз 6...11,
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 8...13,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-5, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-5, күндүз 0...-5,

10-октябрда Бишкек жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн -2…-4° үшүк жүрөт, күндүз 10…12° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG