Бир айга созула турган бул иш-чаранын алкагында орто мектептин окуучулары арасында маалымат берүүчү тренингдер, укуктук темага сынактар уюштурулуп, сергек жашоого үгүт жасалат.
Иш-чараны Бишкек мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы уюштуруп жатат. Изилдөөлөргө караганда, рэкетчилик 5-6-класстарда башталып, өзгөчө 9-класстар арасында кеңири жайылган. (ZMa)