Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында ачылып жаткан Мониторинг борбору улуттар ортосундагы биримдикти жана этникалык мамилелерди бекемдөө максатын көздөйт. Бул борборго этникалык, диний жана мамлекет тарабынан чукул реакцияны талап кылган башка маселелер боюнча өлкөнүн булуң-бурчунан бардык маалыматтар түшүп турат.
Мониторинг борбору ПРООНдун долбоорунун каржылык колдоосу алдында түзүлүп, 30 миң доллардык заманбап техникалар менен жабдылган. (ZMa)