Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот.
Өткөн аптада Социалдык фонддун башчысы Мухамедкалый Абулгазиев учурдагы пенсиялык системаны кайра карап чыгуу керектигин, камсыздандыруу төгүмдөрүн көп которгон адам ошого жараша жогорку пенсияны алыш керектигин айткан.
Республика боюнча пенсия курагындагы адамдардын саны 600 миңге жакын, салык төлөгөндөрдүн саны 1 млн. 300 миңге жетет. Алардын жарымы Социалдык фондго 800 сомго чейин гана акча которот. (ZMa)