Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Ашууда каза болгон адамдын сөөгү туугандарына берилди


Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда суукка тоңуп, каза болгон 52 жаштагы Толкунбай Абдыровдун сөөгү кечээ кечинде жакындарына өткөрүлүп берилди. Маркумдун сөөгү окуя болгон жерден Коргоо министрлигинин тик учагы менен алынып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, малчыларга жардам берүү үчүн 1-октябрда жолго чыккан эки жарандан дале дайын жок. Алар Сузактын Түрк-Абад айылынын тургундары 47 жаштагы Мурзали Сариев жана 46 жаштагы Орипжан Маматалиев. Аларды издөө иштери улантылып жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча калың карга камалган Беш-Мойнок айылынын төрт жараны 1,5 миң кой менен Тогуз-Торо тарапка, дагы эки жаран 500 кой менен Сузак тарапка ашып өткөн.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын тогуз малчысы 2 миң баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда калың жааган карга камалып калган. Ашууда калган чабандардын жакындары жардам сурап 8-октябрда кайрылышкан.(UEz)

XS
SM
MD
LG