Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Коңшу өлкөлөрдөн кошумча электр энергиясын сатып алуу сүйлөшүлүүдө


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Баатыркул Баетов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда кошумча көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу боюнча Казакстан баштаган коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү белгилүү болмокчу. Ушу тапта кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт.саат электр энергиясы жетишпейт деп эсептелүүдө. Баетов бул көлөмдүн баарын сатып алуу мүмкүн эместигин айтууда. Ошондуктан, айрым чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Бейшембиде президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика тармагындагы кризис боюна өз пикирин билдирген. Өлкө башчы мындай кырдаалга өкмөттүн пассивдүү позициясы, Энергетика министрлигиндеги кышка карата начар даярдык себеп болгонун билдирген. Ошондой эле Атамбаев өнөр жайдын жана калктын эсебинен электрди өчүрүү аркылуу чечүү тууралуу кадамын терең жаңылыштык деп атап, өкмөткө жетишпеген электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн сатып алууну тапшырган. Президенттин бул билдирүүсү чыккан чоң энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG