Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Беларуста Путин жөнүндө ырдагандар кармалды


Беларус полициясы украиналык жүздөй футбол күйөрмандарын кармады. Алар “Евро-2016” тандоо матчында Орусия президенти Владимир Путинди сындаган, жамандаган ырды ырдаганы үчүн кармалышты. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, күйөрмандарга коомдук жайда одоно, адепсиз ырды ырдады деген айып коюлуп, бир канча күн түрмөгө камалышты. Алар матч учурунда Украинанын байрагын көтөрүп алып, “Мекенибизди башкарууга эч кимге жол бербейбиз” деп кыйкырышкан.

Орусия март айында Крымды аннексиялаган. Киев Путин башында турган бийликти Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдоп атат деп айыптап келет. Орусия бул маалыматтарды четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG