Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы Малалага берилди


Нобел атындагы Тынчтык сыйлыгы бул ирет пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн 17 жаштагы Малала Юсуфзайга жана индиялык саясий активист Кайлаш Сатьяртхиге берилди. Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнү бүгүн Ослодо жарыяланды. Малала тарыхта Нобел сыйлыгын алган эң жаш лауреат болду.

Малала Юсуфзай пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн окуучу кыз. Аны мектептен кайтып келе жатканда талиптер башка аткан. Британдык хирургдардын жардамы менен аман калган Малала адам укугу жаатында бир нече эл аралык сыйлыктарды алган.

Булардан башка Нобелдин бул сыйлыгына Вашингтондун жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын, анын ичинде чет өлкөлөрдүн лидерлеринин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганын ашкере кылган Эдвард Сноуден жана кедей-кембагалдардын укугун коргогон Папа Францисктин талапкерлерлиги көрсөтүлгөн болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG