Беларус президенти Александр Лукашенко Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимин ратификациялоо мыйзамына кол койду. Буга чейин Орусия жана Казакстан парламенттери буга байланыштуу мыйзам долбоорду ратификациялаган.
Быйыл 29-майда Астанада Казакстан, Беларус жана Орусия президенттери Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюшкан болчу. Келишим аты аталган өлкө парламентинин колдоосунан өткөн соң, 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Бирдиктүү экономикалык аймак - бул Бажы биримдигинен кийинки уюшма болуп саналат. Анда капиталдын, сооданын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсүнө жол берилген. (КЕ)