Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Сузактык эки малчы он күндөн бери дайынсыз


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Түрк-Абад айылынын тургундары 47 жаштагы Мурзали Сариев жана 46 жаштагы Орипжан Маматалиев кыштоого мал айдап кеткен боюнча дайынсыз. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алар 1-октябрда он чакты кочкорду унаага салып кыштоого жөнөшкөн жана жайлоодон көчүп келаткандарды тосуп алышмак. Бирок унаасы жолдо калып өздөрү айдаган малы менен жок.

Эске салсак, Сузактын Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын тогуз малчысы 2 миң баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7-октябрда калың жааган карга камалып, ашууда калышкан. Чабандардын бири, 52 жаштагы Толкунбай Абдыров суукка тоңуп өлгөн.

Ашууда калган Беш-Мойнок айылынын төрт жараны 9-октябрда 1,5 миң кой менен Тогуз-Торого, дагы эки жаран 500 кой менен Сузактагы кыштоого ашып өтүшкөн. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жети куткаруучусу жоголгон малчыларды издөө иштерин улантууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG