Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

“Ислам мамлекети” тобу күрттөрдүн штаб-квартирасын басып алды


Жума күнү “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлери Кобанини коргоп жаткан күрт аскерлеринин штаб-квартирасын басып алышты. Бул тууралдуу Франс-Пресс агенттиги БУУнун өкүлдөрүнө шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, миңдеген адамдар согушкерлердин курмандыгына айланышы мүмкүн.

АКШ тараптан урулган авиасоккулар Кобани шаарын согушкерлерден арылта албай келет. Расмий Пентагон “Ислам мамлекети” тобуна жерден да сокку урмайын алардын баскынчылыгына каршы туруу мүмкүн эместигин айтууда.

Түркия өкмөтү жергиликтүү күрттөрдүн нааразылыгына карабай Сирия менен чектеш Кобани шаарын коргоо үчүн кандайдыр бир чара көрүүдөн карманып турат. Күрт азчылыгы төрт күндөн бери түрк өкмөтүн Кобани шаарын коргоп жаткандарга колдоо көрсөтүүсүн талап кылып келишет. Аталган нааразылык акцияларда 31 жаран каза тапты.

XS
SM
MD
LG