Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Турдубаев энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп Кубанычбек Турдубаев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын расмий сайты маалымдайт.

Турдубаев буга чейин аталган министрликте министрдин орун басары болуп эмгектенген.

9-октябрда президент кышка карата даярдыкты, электр энергиясын үнөмдөө үчүн жарыкты өчүрүү тууралуу өкмөттүн кадамдарын сынга алып, энергетика тармагы кадрдык өзгөрүүлөргө муктаж экенин белгилеген. Ошол эле күнү энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. (МТо)

XS
SM
MD
LG