Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Тувада жоголгон вертолетту издөө уланууда


“Тува авиакаттамдарына” таандык Ми-8 вертолету жума күнү Соруг кыштагынан Кызыл шаарына учуп чыккан. Анын бортунда 12 адам бар болчу.

Транспорттук прокуратуранын билдиргенине караганда, алар “Стройлайн” компаниясынын тапшырмасы менен аэрофото тартуу үчүн чыгышкан.

Жоголгон вертолетту издөө үчүн бир нече вертолет жана самолеттордун экипажы ишке тартылды. Жерден Туванын куткаруу отряды, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү издөөнү улантууда.

Быйыл Орусияда бир нече вертолет кырсыкка учурады. 4-сентябрда Краснодар крайындагы Геленджик аэопортуна конуу учурунда Ми-8 вертолету кулап, эки киши өлүп, бирөө жаракат алган.

Май айынын аягында Мурманск облусунда дагы бир Ми-8 сууга кулап түшүп, 12 адам набыт болгон.

Ми-8 – дүйнөдө эң көп таралган кош кыймылдаткычтуу вертолет. 1965-жылдан бери түрдүү модификациядагы 12 миң даанасы чыгарылган. Жарандык жана аскердик авиацияда кеңири колдонулат.

XS
SM
MD
LG